Коом

Назарбаевге операцияны Кыргызстандын мурунку жараны болгон хирург жасады

Юрий Пя — белгилүү кардиохирург. Казакстанда туулган, Москвадагы мамлекеттик медициналык институтту аяктаган. Ординатураны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук илимий борбордон өткөн. 

1982-1994-жылдары Кыргызстанда иштеп, андан соң Түркияга кеткен. 

Кыргызстандын мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевдин айтымында, 14 жылга чукул Түркияда чогуу иштешкен. Андан соң Казакстанга кеткен.

«Ал Кыргызстандын мурдагы жараны. Экөөбүз бир топ жыл чогуу иштегенбиз. Анын медицина илимдеринин кандидаттык ишине мен, ал эми докторлук ишине атактуу кардиохирург Лео Бокерия экөөбүз жетекчи болгонбуз», — деп айтты Батыралиев.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button