Мамлекеттик алкоголдук агенттиги спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандарды токтотту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары — Мамлекеттик алкоголдук агентство) кызматкерлери тарабынан уюштурулган жана жүргүзүлгөн контролдук-текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Чүй жана Москва райондорунда жасалма салык маркалары менен алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат борбору билдирди.
2022-жылдын 15-24-октябрында Мамлекеттик алкоголдук агенттигинин материалдары боюнча Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (акциздик маркаларды жасалмалоо) боюнча сотко чейинки эки өндүрүш иши козголгон.
Учурда прокуратура кызматкерлери Баңгизаттар боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.
Мамлекеттик алкоголдук агенттиги Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуунун алдын алуу боюнча системалуу контролдук текшерүүлөрдү улантат.


