Коом

Кадамжайдагы мал базарда милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кадамжай районунун Марказ айылындагы мал базарда Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери калк арасында мал, чөнтөк уурулуктарын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Бул демилге милиция кызматкерлери тарабынан колго алынып, жергиликтүү ветеринардык врачтар менен биргеликте мал базарга келген малдардын биркалары текшерилди. Ошондой эле мал базарга келген малдардын кулагындагы биркалары жана жергиликтүү ветеринариядан алынган маалымдамасы болуусу керектигин эскертти.
Марказ айылдык милиция бөлүмчөсү тейлеген аймакта жыл башынан бери ийри мүйүздүү малдардын уурдалганы боюнча 9 факты катталып,милиция кызматкерлери аркылуу табылып, өз ээсине кайтарылып берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button