Коом
Баткендин чек арага чектеш аймактарында мал уурулукту алдын алуу иштери өткөрүлүп жатат

Баткен районундагы чек арага чектеш аймактарында жайгашкан жарандарга К.Шадыбеков атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан мал уурулукту алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, чектешкен аймактардагы жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөө, коомдук тартипти сактоо максатыннда милиция кызматкерлери күнү-түнү иш-чараларды жүргүзүп, кайгуулдарды уюштурууда.
Жалпысынан мал жандыктарды көзөмөлсүз калтырбоо боюнча жергиликтүү тургундарга 87 эскертүү акты түзүлүп берилди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



