Саясат

Кыргыз-өзбек келишими. Өлкөнүн утушу эмнеде?

Камчыбек Ташиев берген маалыматтардан кийин Кемпир-Абад боюнча чечим Кыргызстандын зыянына болору, жерлер берилип жатканы жөнүндөгү маалыматтар, пикирлер «суу кечпей» калды. Бул оппозициячылдардын ойлоп чыгаргандары, токугандары эле болбосо, Макулдашууда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары эске алынып, паритеттик негиздеги рационалдуу чечим болгондугу белгилүү болду.

Атап айта турган болсок, Макулдашууга ылайык, суу сактагычтын алдындагы 4100 гектардан башка жер  берилген жок, суу астындагы жер, курулбай калган канал үчүн Өзбекстандан 19 миң гектардай жер алынды. Тагыраагы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Унгар-Тоо, Кара-Белес, Ак-Таш, Шарихан-Сай Кыргызстанга алынды. Ошондой эле  Кыргызстан суу сактагычты башкаруу, суусун пайдалануу укугун  сактап калды. Эки өлкөнүн ортосундагы Бегабад-Достук посттору алына турган болду.  Муну менен Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ортосу кески кыскарып, элибиздин  түйшүгү  жеңилдейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button