Бишкекте эркек киши каналга агып кеткен баланы куткарып калды

Бишкекте эркек киши сууга түшүп кеткен баланы куткарып калды. Алдын ала маалымат боюнча, окуя 7-октябрда борбор калаанын Ленин районунда болгон.
Окуя тартылган видеодон эркек киши сууда агып бараткан баланы байкап, аны куткарууга аракет кылганын көрүүгө болот. Бирок катуу агым баланы көпүрөнүн алдына алып кеткен. Эркек киши анын артынан чуркап барып, бир нече секунддан кийин баланы суудан чыгарып алган.
Ошол учурда жакын жерде токтоп турган унаадан эки аял чыгып, жардамга шашышкан. Баланы куткарып калгандан кийин алар анын ата-энесин же балага жооптуу башка чоң кишилерди издөөгө аракет кылышкан.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын айтымында, окуя бала бакчанын жанында болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, милиция окуянын жагдайларын тактап жатат.
Баланын каналга кандайча түшүп кеткени жана ошол учурда ата-энеси же ага жооптуу чоң кишилер кайда болгону азырынча белгисиз.



