Спорт
Чүй облусунун командасы көк бөрү боюнча чемпион аталды

25-октябрда Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү боюнча облустар аралык чемпионаттын финалдык беттештери өттү.
Маалыматка ылайык, чемпиондук үчүн Чүй жана Талас облустарынын командалары күч сынашты. Жыйынтыгында Чүй облусунун командасы атаандашын 8:4 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Көк бөрү боюнча республикалык чемпионат 21-октябрда башталып, ага жалпысынан 6 команда катышкан. Алар А жана В тайпаларына бөлүнгөн.
Тайпалык оюндардын жыйынтыгында Чүй жана Талас облустарынын командалары финалга чыгышкан. Ал эми Ысык-Көл жана Ош облустарынын командалары 3-орун үчүн беттешкен.
Чемпионаттын жыйынтыгы:
1-орун — Чүй облусу (1 млн сом);
2-орун — Талас облусу (500 миң сом);
3-орун — Ош облусу (250 миң сом);
4-орун — Ысык-Көл облусу (150 миң сом).



