Коом
Бишкекте таштандыны өз-өзүнчө ылгаган жай пайда болот

Бишкек шаарында таштанды ылгаган жай пайда болот. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Бул боюнча Биринчи май райондук акимчилиги менен «Бекен Дос» деп аталган жергиликтүү ЖЧК таштандыны сорттоо боюнча сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн макулдашууга кол койгон.
Тараптар аталган жайды жылдын аягына чейин курууну макулдашкан.
«Анын алкагында компанияга таштандыны бөлүп ылгаган жай куруу үчүн атайын жер тилкеси беш жылга ижарага берилет. Ал Панфилов №188/2 дарегинде жайгашкан, аянты 147,12 чарчы метр», — деп айтылган маалыматта.



