Коом

Ошто балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору жаңыланды

Ошто балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана мекеменин жамааты катышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбордун кароосуз калган имаратын ондоп-түзөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Авариялык абалга кептелген имарат толугу менен жаңыланып, чатыры жабылып, бөлмөлөрдүн полдору жаңыланып, сырдалды. Ашканасына жаңы электр печкалары, аба алмаштыруучу системалары орнотулду жана балдар үчүн жаңы унитаздар, раковиналар, керебеттер, эмеректер коюлду.

Ал эми борбордун айланасына бручсатка басылып, жашылдандырылып, кооздукка бөлүндү. Балдар ойноочу аянта, отургуч, беседкалар да орнотулду.

Жаңыланган борборго мэрия тарабынан белектер да тапшырылды. Балдарга керектүү каражаттар, турмуш-тиричилик техникалары жана оюнчуктар берилди. Ага кошумча борбордун ар бир кызматкерине мэр 2000 сомдон акча каражатын берди. Ош шаарынын мэриясы бул борбордогу балдарга колдоо көрсөтүүнү ушул темпте уланта берет.

Борбор 1960-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир да жолу капиталдык ремонт болгон эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button