Коом

Күйүүчү май ташып келгендерге субсидия берүү тартибин өзгөртүү сунушталды

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана тартыштыкты алдын алуу максатында сырттан ташып келип саткандарга мамлекеттик субсидия берген тартипти өзгөртүүнү сунуштады. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, мындан ары субсидиялар темир жол аркылуу гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн мамлекеттик чек ара аркылуу импорттолгон күйүүчү майларга да берилет. Бул чара күйүүчү майды жеткирүүнүн альтернативдүү багыттарын кеңейтүүгө жана ички рынокту үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майдын белгиленген сатып алуу бааларын жаңылоо сунушталууда. Ага ылайык, АИ-92 бензини үчүн бир тоннасына 1100 доллар, дизель отуну үчүн 1200 доллар, ал эми автомобиль үчүн колдонулуучу суюлтулган газ үчүн 700 доллар өлчөмүндө баа белгиленет. Мурда субсидия берилген АИ-95 бензини бул тизмеден чыгарылат.

Эмне өзгөрөт?

-Субсидия эми темир жол аркылуу келген күйүүчү майга гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн автоунаа жана башка жолдор менен ташылып келгендерине да берилет. Бул Кытай, Иран, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн импорттоону жеңилдетүүгө багытталган.

-Ташуу чыгымдары эсепке алынат. Мурда субсидия күйүүчү майдын сатып алуу баасына жараша эсептелсе, эми аны Кыргызстанга чейин жеткирүүгө кеткен транспорттук чыгымдар да кошулат.

-Субсидиянын көлөмү көбөйөт. Мурда анын өлчөмү белгиленген баанын 20 пайызы менен чектелсе, эми 30 пайызына чейин жетиши мүмкүн.

-Документтерге талап күчөтүлөт. Импорттоочулар келишимдерди, эсеп-фактураларды, ташуу чыгымдарын жана башка ырастоочу документтерди тапшырууга милдеттүү болот.

Бажы кызматынын ролу кеңеет. Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген күйүүчү май боюнча субсидия алуу арыздарын эми Мамлекеттик бажы кызматы да кабыл алып, текшерет.

Тектеш кабарлар

Back to top button