Коом

Кыргызстанда мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана этап-этабы менен 12 жылдык окууга өтүп жаткан класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.

Документте мектеп каникулдарынын графиги бекитилди:

— күзгү каникулдар — 5 календардык күн (2026-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин, сабактар 16-ноябрда башталат);

— кышкы каникулдар — 10 календардык күн (2027-жылдын 1-январынан 10-январына чейин, сабактар 11-январда башталат);

— жазгы каникулдар — 6 календардык күн (2027-жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин, сабактар 9-мартта башталат);

— май айындагы (майрамдык) каникулдар — 9 календардык күн (2027-жылдын 1-майынан 9-майына чейин, сабактар 2027-жылдын 10-майында башталат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар дагы кошумча 2 жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн кошумча 1 жумага узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү аймактардын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан белгиленет.

Тектеш кабарлар

Back to top button