Бардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык авиакомпаниялар үчүн учак ичинде жүргүнчүлөргө маалымат берүүдө мамлекеттик тилди колдонуу талабын киргизди.
Эми Кыргызстанга келген, Кыргызстандан чыккан жана өлкө ичиндеги бардык туруктуу авиакаттамдарда жарыялар англис, орус жана учуу өлкөсүнүн тилинен тышкары сөзсүз кыргыз тилинде да айтылышы керек. Жаңы талаптар ата мекендик да, чет элдик да авиакомпанияларга тиешелүү.
Талапка ылайык, коопсуздук эрежелери, өзгөчө кырдаалдагы аракеттер, учактын учушу жана конушу тууралуу маалыматтар, ошондой эле учуу учурундагы башка маанилүү билдирүүлөр кыргыз тилинде да толук жана так жеткирилиши зарыл. Мамлекеттик тилдеги маалымат башка тилдердеги жарыялардын мазмунуна толук шайкеш болушу керек.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул жаңылык мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга, кыргыз тилинин макамын бекемдөөгө, жүргүнчүлөрдүн маанилүү маалыматты бирдей деңгээлде алуусун камсыздоого жана жарандык авиациядагы тейлөө сапатын жогорулатууга багытталганын билдирди.
Ошондой эле бардык авиакомпаниялардын жетекчилерине кыргыз тилиндеги расмий жарыялардын тексттерин даярдап, аларды жаңы талаптарга ылайык бардык каттамдарда колдонуу тапшырмасы берилди.



