Коом

Бишкектеги Royal Central Parkта эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү

2026-жылдын 25-июлунда Бишкектеги Royal Central Park шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун эң көп чогулган жайына айланды. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин созулган майрамдык программада эл аралык деңгээлдеги музыкалуу фонтандар шоосу, ар кыл курактагы коноктор үчүн оюн-зооктор, чыгармачылык жана спорттук иш-чаралар уюштурулуп, аларга жалпысынан 30 миңден ашуун адам катышты.

Буга чейин өткөрүлгөн Royal Central Park Summer Festival жана Symphony of Water & Lights долбоорлорунун ийгиликтүү уландысы катары бул жолу борбор калаанын тургундарына жаңы форматтагы көңүл ачуу программасы тартууланды. Анын негизги өзгөчөлүгү Royal Water Symphony эл аралык музыкалуу фонтандар шоосу болуп, ал Кыргызстандын эң ири музыкалуу фонтандар паркында эксклюзивдүү түрдө Royal Central Park аймагында көрсөтүлдү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Royal Central Park Amazing Race 2026 коомдук фестивалы өткөрүлүп, катышуучулар жаңы мегашаардын өнүгүп жаткан инфраструктурасы жана заманбап шаардык концепциясы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Фестивалдын жүрүшүндө миңдеген катышуучулар шаардык комплекстин ар кайсы бөлүктөрүндө уюштурулган кызыктуу тапшырмаларды аткарышып, балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларына, гастрономиялык фестивалга, спорттук мелдештерге жана көчө артисттеринин көрсөтүүлөрүнө күбө болушту. Үй-бүлөлөрдүн бирге эс алып, жагымдуу убакыт өткөрүшү майрамдын өзгөчө маанайын арттырды.

Майрамдын эң кызыктуу бөлүктөрүнүн бири Royal Central Park Got Talent чыгармачылык сынагы болду. 2026-жылдын март айынан бери бул долбоор Бишкектеги миңдеген таланттуу балдарды бириктирип, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшүп келет. Amazing Race 2026 фестивалынын жыйынтыгында тандалган алты мыкты катышуучу жана чыгармачыл топ август жана сентябрь айларында өтө турган жарым финалдык жана финалдык баскычтарда жалпы байге фонду … KGS болгон сыйлыктар үчүн күч сынашат.

Майрам Royal Grand Draw байге ойнотуусу менен улантылып, анын жеңүүчүлөрүнө iPad, iPhone 17 Pro Max жана башка баалуу белектер тапшырылды. Бул белектер майрамга келген миңдеген коноктор үчүн жагымдуу сюрприз болуп калды.

Кечкисин Sunset Music Show музыкалык программасы башталып, анын артынан Royal Water Symphony шоосу көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Музыка, жарык, бийлеген фонтандар жана заманбап сахналык технологиялар айкалышкан шоу 30 миңден ашуун көрүүчүгө унутулгус маанай тартуулады. Мындай эл аралык деңгээлдеги көңүл ачууларды шаар ичинде сунуштоо Royal Central Park концепциясынын негизги артыкчылыктарынын бири катары белгиленди.

Майрамдык кечеде көчмөн маданияттын салтын чагылдырган от жагылып, улуттук бийлер, жандуу музыка жана үй-бүлөлөрдүн шат күлкүсү өзгөчө атмосфера жаратты. Улуттук баалуулуктар менен заманбап шаардык жашоо образын айкалыштырган мындай мейкиндик Бишкектеги жаңы коомдук борбор катары калыптанууда.

Amazing Race 2026 фестивалынын ийгиликтүү өтүшү Royal Central Park жөн гана Кыргызстандын алгачкы The First All-in-One Mega City in Kyrgyzstan долбоору эмес, ошондой эле борбор калаа тургундары үчүн дем алыш күндөрүндөгү жаңы эс алуу жана жолугушуу жайына айланып бара жатканын дагы бир жолу көрсөттү.

Долбоордун аймагынын 71 пайыздан ашуун бөлүгү көлдөргө, жашыл аймактарга жана коомдук эс алуу мейкиндиктерине арналган. Бул жерде Кыргызстандын эң ири музыкалуу фонтандар паркы, Nomad Heritage көлү, мектептер, соода борбору, медициналык борбор, спорттук объектилер жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфраструктура түзүлүүдө.

Маданий жана коомдук иш-чаралар мындан ары да улантылат. 2026-жылдын 30-августунда өтө турган Royal Central Park Autumn Festival фестивалында балдар жана үй-бүлөлөр үчүн чыгармачылык, көңүл ачуу жана спорттук программалар уюштурулуп, жалпы байге фонду 300 000 KGS чейин жеткен сыйлыктар ойнотулат. Ошондой эле Royal Water Symphony музыкалуу фонтандар шоосу ар бир ишемби күнү кечинде өткөрүлүп, шаар тургундары менен конокторуна дүйнөлүк деңгээлдеги эс алууну сунуштай берет.

Жаркын көз ирмемдерге бай өткөн Royal Central Park Amazing Race 2026 фестивалы ROYAL CENTRAL PARK — Where Bishkek Comes Alive концепциясынын ийгиликтүү ишке ашып жатканын дагы бир жолу айгинеледи. Бүгүнкү күндө Royal Central Park ири иш-чаралар өтүүчү жай гана эмес, адамдар жолугушуп, баарлашып, заманбап жашоо образынан ырахат алган Бишкектин жаңы коомдук борборуна айланып бара жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button