Коом

Россиядан Кыргызстандын жараны депортацияланды

Россиядан 30-августта Кыргызстандын жараны депортацияланды. «РИА Новости» жарыялаган маалымат боюнча, кармалгандардын бири журналисттерге мурда Москва шаарындагы ресторанда эмгектенип жүргөнүн билдирген. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Өзүнүн айтымында, кармалган күнү автоунаасында бара жаткан. Нижегород көчөсүнө жеткенде таксисттер чогулуп, жолду тосуп алышканын көргөн. Ал жакта эч кандай мушташ болбогонун белгиледи.

«Унаадан түшүп, эмне болгонун жана кантип өтүү керектигин билейин дегем. Бир жигит менен сүйлөшүп турганда полиция келип, баарыбызды кармап баштады», – деди кыргызстандык жигит.

Ал майда бейбашчылыкка айыпталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button