Коом
Саламаттык сактоо министрлиги «Росатом» менен биргеликте Кыргызстанда рактан дарылоочу борбор ачууга белсенүүдө

Тиешелүү меморандумга кол коюлду.
Максат — радиофармацевтикалык дарыкана жана алдыңкы ыкмаларды колдонуп онкология жана башка оорулардан дарылоочу борбор түзүү.
Кеп Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык аптека жана молекулярдык томографиялык борбор түзүү жөнүндө болуп жатат.



