Сырттан картошка ташып келүүгө алты айга тыюу салуу сунушталды

Өлкөгө сырттан картошка ташып келүүгө алты айга тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору бүгүн коомдук талкууга чыгарылды.
Чара ички рыноктогу бааны турукташтыруу жана жергиликтүү дыйкандарга картошкасын сатууга шарт түзүү максатында сунушталууда. Негиздемеде 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 24,7 миң тонна картошка импорттолгону айтылат. Анын 21,4 миң тоннасы Кытайдан келген.
Ошол эле учурда быйыл өлкөдө картошка өндүрүүнүн көлөмү болжол менен 1,25 миллион тонна болот деп күтүлүүдө. Бул калктын жылдык керектөөсүнөн 450 миң тоннага көп.
Долбоордун авторлорунун айтымында, түшүм жыйналган маалда импорттун көлөмү жогору бойдон калса, ички рынокто сунуш көбөйүп, баасы төмөндөп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түшүмүн сатууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүп жаткан картошкага, эгер жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтери болсо, чектөө колдонулбайт. Ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн жана илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чаралар үчүн зарыл көлөмдө алып келинген картошка тыюудан бошотулат.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



