Коом

Ош шаарындагы ири жолдордун бири Чубак ажы Жалиловдун атына коюлат

Ош шаарындагы ири жолдордун бирине Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы жана мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет. Бул тууралуу түштүк борбордун мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бирок ал кайсы жол тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.

Мэрдин айтымында, мындай демилгени ал шаардык кеңештин жыйынында көтөргөн.

Мындан тышкары, Аношин көчөсүнө белгилүү коомдук ишмер Бегиш Аматовдун ысымын берүү сунушун киргизген. Ал өз убагында эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө чоң салым кошкон.

Жанар Акаев анын сунушун колдогон шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button