Шакира Бишкекте концерт берет. Датасы жана билет баалары

2026-жылдын 18-октябрында Бишкекте дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концерти өтөт. Концерт «Бишкек Арена» стадионунда уюштурулуп, бул ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Бишкек Шакиранын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук туруна кирди. Концертте ырчынын ар кайсы жылдардагы белгилүү хиттери жана Las Mujeres Ya No Lloran альбомундагы ырлары аткарылат. Шоу масштабдуу сахналык жасалгалар, хореография жана визуалдык эффекттер менен коштолот.
Билеттер 1-октябрда саат 09:00дө Бишкек убактысы боюнча ticket.gov.kg сайтында сатыкка чыгат. Расмий билет оператору — GovTicket.
Билеттердин баасы категориясына жараша 12 миңден 40 миң сомго чейин:
фан-зона — 40 миң сом;
бий партери — 27 миң сом;
Skybox — бир адамга 30 миң сом;
отургучтагы орундар — 13,5 миңден 40 миң сомго чейин;
көрүнүшү чектелген орундар — 12 миң сом.
Сахна чыгыш трибуна тарапка жайгаштырылат. Сахнанын артындагы көрүүчүлөр үчүн орундар жабылат. Премиум категориядагы VIP-билеттер чектелген санда кийинчерээк сатыкка чыгарылат. Алардын баасы кошумча жарыяланат.



