УКМК: Жалал-Абадда алтын казган компаниянын мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды-ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусттук УКМКнын башкы баркармалыгы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун экология жана техникалык көзөмөлү жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстар министрлигинин областтык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Такталгандай, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


