Коом
Самара Каримова: “Педофилдердин жаза чарасы күчөтүлсүн деген элдин үнү бийликке жетти”

Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Самара Каримова, педофилдердин жаза чарасын күчөткөн Президенттин чечими боюнча пикирин билдирди.
“Педофилдердин жаза чарасы күчөтүлсүн деген элдин үнү бийликке жетти. Президент Садыр Жапаров педофилдердин жаза чарасын катаалдаштырган кодекске кол коюптур. Канчалаган өспүрүмдөр жаштайында тагдыры соолуп, сексуалдык зомбулдукка кабылып, келечеги талкаланып келди. Педофилдер ар кандай айла-амалдар менен эркиндикке чыгып кетишчү.
- Жаза мөөнөтү узартылыптыр;
- Айып өлчөмү көбөйтүлүптүр;
- Эч кандай жеӊилдиктер, ырайым болбойт экен. Балакатка жете электерди зордуктап камалгандар, бир аз отуруп психикалык саламаттыгы боюнча справкаларды жасатып, абактан бошонуп кетишчү. Эми андай справкалар дагы жардам бербейт!”,-дейт ал.



