Коом
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командири аймактардагы өздүк курамынын даярдыгын текшерди

Ар бир жетекчи өздүк курамды жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоосуна жана алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура аткаруусуна өзгөчө көңүл буруп, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги М.Имангазиев полктун түштүк аймагында жайгашкан бѳлүктѳрдүн кызматкерлери менен жеринде таанышты. Өздүк курамдын негизги багыты болгон күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоого, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууга, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууга, кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту сактоо боюнча тапшырмаларды койду.



