Коом

Тоң районунун Ак-Сай айылында сел жүрдү

Тоң районунун Ак-Сай айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-августта саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү сел каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Ак-Сай айылында сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланды.

Учурда Тоң райондук N38 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн кошумча 20 куткаруучу тартылып, турак үйлөрдөн сел сууларын сордуруу иши жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна катуу жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жана облустун көпчүлүк аймактарында жамгыр катуу жаап жатканын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button