Коом

«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчилигине Бакыт Асанов дайындалды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган редакциядан маалымдашты.

Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат. Асанов 2011-жылы октябрда «Азаттыкка» кабарчы болуп келген. Бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. 2017-жылдан тарта «Эксперттер талдайт» аналитикалык талкуу программасын алып барат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button