Коом

Ошто 22 жаштагы келин изделип жатат. Ал үйдөн чыккан бойдон дайынсыз

13-апрель күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү саат 19:00 чамасында келини 2002-жылы туулган Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: үстүндө көгала түстө спорттук кийим, гүлдөрү бар сары түстөгү узун көйнөк, бутунда кызыл түстөгү бут кийим, башында ак түстөгү жолук (хиджаб)Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03233 5-06-36, 0550 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 номурларына чалсаңар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button