Ошто кургак учукка каршы күрөшкөндөр жыйын өткөрүштү

Кыргызстандын түштүк борборунда “Кургак учук боюнча маселелерди массалык маалымат каражаттарында чагылдыруунун актуалдуулугу жана өзгөчөлүктөрү” деген темада жыйын өттү.
Анда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук фтизиатрия борбору жана USAIDдин “Кургак учуктан айыгуу” долбоору тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айында жарыяланган журналисттердин чыгармачылык сынагынын жыйынтыгы да чыгарылды.
Сынактын максаты – жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен коомчулуктун көңүлүн кургак учук маселелерине буруу, бул оорулуу адамдарга карата мамилени өзгөртүүгө, алардын стигмасын жана басмырлоосун азайтууга, социалдык колдоону жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле мекендештерибизди кечиктирбестен медициналык мекемелерге барып текшерилип, толук сакайып кетүүгө үндөйт элек.

Калыстар тобунун кароосуна жалпысынан бардык аймактардан кыргыз жана орус тилдеринде 70ке жакын эмгек келип түшкөн. Жыйынтыгында радио жана телевидениеде, басма сөздө жана маалыматтык интернет-ресурстарда жарыяланган 11 материал мыкты деп табылды. Жеңүүчүлөргө ноутбуктар, планшеттер жана алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө жардам бере турган тышкы катуу дисктер тапшырылды.
Белгилеп кетсек, жеңүүчүлөрдүн арасында Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин Молдовановкадагы №31- медициналык түзөтүү мекемесинен өмүр бою эркинен ажыратылган бейтап менен эксклюзивдүү маеги жеңүүчү деп табылды.



