Коом
Жогорку Кеңеш мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу мыйзамын кабыл алды

Документтеги нормалар:
▫️ичимдик ичип автоунаа айдагандарга айып салынбайт, анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат
▫️ылдамдык нормадан саатына 40-60 чакырымга катуу болсо 7 500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат
▫️каршы тилке менен айдоого 15 миң сом айып (учурда 5 500 сом)
▫️жол эрежесин кайталап бузса кайра экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн алууга жөнөтүлөт
▫️автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7 500 сом)
▫️автоунаага этикага туура келбеген, мыйзамыз аракеттерге чакырган сүрөттөрдү жабыштырып алса 5 500 сом
@user2



