УКМК: Кадамжай районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча тергөө жүрүп жатат

КР УКМК Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз (Марказ) а/а жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айрыбаз а/а 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол элу учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз а/а жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары алынды, алардын ичинде Айрыбаз а/а кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.
Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



