Коом
7-августка карата аба ырайы

Бейшембиде республиканын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Баткенде 31…36, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында 32…37, Ысык-Көлдө 24…29, Нарын өрөөнүндө 25…30 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 32…34, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 24…26 градуска көтөрүлөт.



