Коом

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен аралыктан алдын алуу иштерин өткөрүүдө

Балдар арасында сасык тумоо оорусу күчөп бараткандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык орто билим берүүчү мектептери аралыктан окутууга өтүштү. Облустун 193 мектебинде сабактар аралыктан окутуу технологияларды, видеосабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүлүп, алар окуу пландарына толук шайкеш келет.

Түзүлгөн кырдаалда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өз ишин кайрадан уюштуруп, окуучулар арасында онлайн режимде профилактикалык иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатышат. Ар бир балдар иштери боюнча инспекциясынын инспектору өзүнүн онлайн топторунда белгиленген убакытта мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен лекцияларды өткөрүшүүдө.

Сабактарда милиционерлер кышкы каникулдун алдындагы коопсуздук чаралары тууралуу айтып беришүүдө. Мектеп окуучуларына пиротехникалык буюмдарды колдонууда этияттык чараларын эскертип, өз алдынча аларды колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүштү.

Балдарга кыш мезгилинде кандай кокустуктан травма алуу коркунучтарын айтып беришти. Кышкы каникул учурунда жаш өспүрүмдөр үчүн жол кырсыктарынын негизги себептерин да эске салууда. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери ата-энелерге аралыктан окутуу жана кышкы каникул учурунда балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракетин жумшоону сунушташууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button