Коом

26-декабрга карата аба ырайы

26-декабрда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Эртең менен айрым аймактарда туман түшүшү күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө +2…+7 градус жылуу болсо, Теңир-Тоодо -6…-11 градус суук болору болжолдонду.

Борбор калаада күндүн табы +4…+6, Ош шаарында +5…+7 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button