Саясат

Президенттик шайлоонун датасы өзгөрүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алды

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаттары 24-июнда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик кезектеги шайлоо президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Шайлоо күнү Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө 4 айдан кечиктирбестен дайындалат.

Добуш берүү күнү бардык иш берүүчүлөр үчүн, менчик формасына карабастан, эмгек акы сакталган эс алуу күнү болуп эсептелет.

Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо президент тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Добуш берүү күнү — Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү аяктаган айдагы шаршемби күнү болот. Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү анын шайланган күнүнөн тартып эсептелет.

Жогорку Кеңеш шайланган күн деп анын укуктуу курамда шайланган добуш берүү күнү эсептелет.

Тектеш кабарлар

Back to top button