Маданият

«Сыйлыкты колума алганда анан ишендим» дейт «Эмгек сиңирген ишмер» наамын алган Айнаш Аширова

Бүгүн, 29-декабрь күнү «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алгандардын катарында актриса Айнаш Аширова да бар.

«Буга чейин деле «Эмгек сиңирген ишмер» наамына документ тапшырып коюңуз деп сунушташканда документтеримди берген болчумун. Аны бир нече жолу жоготуп алдык дешип, ошол боюнча албай, үмүтүм үзүлүп калган болчу. Бүгүн резиденцияга барганда да ишенбей жаткам. Качан гана сыйлыкты колума алганда араң ишенип, сүйүндүм. Азыр кубанычым коюнума батпай, абалымды сүрөттөп бергенге сөз таппай турам. Маданият жаатында иштегениме 30 жылдан ашты. Минтип күтүлбөгөн жерден сыйлык алганыма абдан кубанып жатам», — дейт «Эмгек сиңирген ишмер» наамын алган “Котормо” студиясынын үн режиссёру Айнаш Аширова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button