Окуялар

ИИМ: Криптоволюталарды уурдоого байланышкан бир нече кылмыштын бети ачылды

ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, алмаштырып беребиз деп алдоо жолу менен криптоволюталарга ээлик кылып кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныкташты. Криптовалютаны сатуу жана сатып алууга жамынып, алдамчылык жолу менен белгисиз адамдар ири көлөмдөгү санариптик активдерге ээ болушкан.


Алдамчылык фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү жаран кармалды.

Белгилүү болгондой жабырлануучулар автоунааларды сатуу менен, же WhatsApp, WeChat и Telegram мессенджер аркылуу ар кандай валюталарды (доллар, Юань) алмаштыруу менен алектенишип жүрүшкөн. Ал эми алардын кыймыл аракетин, ошол эле мессенджерлерде кара ниет адам сыртынан байкап, көзөмөлдөп жүргөн. Кийин аларды алдап кетүүнү көздөп, WhatsApp виртуалдык номерлерден байланышка чыгып унааларды сатууну же сатып алууну сунуштап, же крипто валютасынын чоң суммасын накталай акчага алмаштырууну сунуштап, ишеничке кирген.
Жабырлануучуларга ишеничке киргенин түшүнүп, карасанатай оюн ишке ашырынуу көздөп, «үч бурчтук» схемасын колдонгон, ар бири пайдалуу шарттарда өз пайызын алышмак. Бирок крипто капчык каражаттарды алгандан кийин, ал мурун жазган билдирүүлөрүн өчүрүп изин жашырып кеткен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө уурдалган крипто активдердин жайгашкан жерлери аныкталып, турган даректер боюнча аларды сактап калууга мүмкүн болду.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, аларды кармашты. Кармалгандардын жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 21 блоктон турган СИМ-бокстор, Кыргызстандын уюлдук компанияларынын көптөгөн СИМ карталары, флеш карталар, хард дисктер, системалык блоктор, “Страж” үлгүсүндөгү тапанча, уюлдук түзүлүштөр, ноутбук жана банк карталары табылган.
Сим-бокс (SimBox)- бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү катары көрсөтүү үчүн колдонулган түзүлүш.
Учурда кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган кошумча ыкчам тергөө аракеттер жүрүп жатат.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button