Окуялар

ВИДЕО: Ысык-Көлдө тартип сакчылары унааны кар туткунунан бошотушту

11-январда, Ак-Суу районунда кайгуул кызматын жүргүзүп жаткан Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жолдон чыгып кеткен «Мерседес» унаасын байкап калышкан. Айдоочу унаасын жолго чыгара албай, убара болуп жаткан.

Айдоочунун айтымында, бул күнү ал үй-бүлөсү менен Качыбек айылындагы туугандарынан чыгып, өзүнүн үйүнө Каракол шаарына жол алган. Катуу шамал менен кардан улам, жолдо күрткү орун алып, унааны жолдун четине чыгырып жиберген. Айдоочу унааны тазаланган жол тилкесине чейин өз алдынча чыгара албай, убара болуп жаткан. Анысына аз келгенсип, унаанын салонунда жашы жете элек эки бала бар болчу.

Убара болуп жаткан үй-бүлөөгө кайгуул кызматын жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери жардамга шашылышты. Алар жолду тазалоого жардам берип, кар туткунунан унааны алып чыгышты. Унаа ээси жардам берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жолун улантты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button