Коом
Бишкекте бир нече көчөдө капиталдык оңдоодон өтөт

18-майдан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат (кызыл менен белгиленгени)
Мындан тышкары, бул жылы дагы негизги деген 4 көчөнү оңдоп-түзөө, кеңейтүү пландалууда (көк менен белгиленген) Алар:
▪️Чүй проспектиси — Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин
▪️Горький көчөсү — Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин
▪️Юнусалиев көчөсү — Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин
▪️Жибек Жолу проспектиси — Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү
Бул жолдордун асфальты, бордюрлары жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилери белгиленди.
@abal-kg



