Коом

Тойгонбай Абдыкаров Кувейт мамлекетинин Кыргыздагы Элчиси Омар Ахмед Аль-Кандари мырза менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омар Ахмед Аль-Кандари мырза менен жолукту.

Бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кувейт Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омар Ахмед Аль-Кандари мырза менен жолукту. Жолугушуунун алкагында диний чөйрөдөгү кызматташуу, кувейттик кайрымдуулук фонддорунун Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле, Элчи Омар Ахмед Аль-Кандари мырза диний чөйрөдө кызыкдар болгон бардык маселелер тууралуу талкуулоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эки мамлекеттин ортосунда өз ара мамилелер жогору экендигин эки тарап белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button