Коом

№19 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери жана Сокулук районунун активисттери «Сармерден» өткөрүштү

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын орто мектебинде коомдук активист, 30 жылдык стажы бар кыргыз тили мугалими, көптөгөн концерттердин уюштуруучусу Корголова Эльмира Асанкановнанын демилгеси менен “Сармерден” аттуу чыгармачылык сынак болуп өттү. Сынак №19 — түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен жергиликтүү «Шайыр апалар» айылдык тобунун ортосунда өткөрүлдү.

КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер боюнча башкармалыгы билдиргендей, бул иш-чара адеп, билим жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.  Ал өсүп келе жаткан муундарды улуттук мыкты каада-салттарга тарбиялоого, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.

 Командалар элдик ырларды аткаруу боюнча күч сынашып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты, макал-лакаптарды, накыл сөздөрдү айтышып, табышмак табышып, жалпысынан 12 номер көрсөтүлдү.

 Мелдештин жыйынтыгында бирдей упай топтогон командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button