Дүйнө
Анкарадагы терактта канча киши каза тапканы айтылды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн борбор калаасы Анкарадагы терактан төрт адам каза тапканын билдирди. Бул тууралуу A Haber телеканалы жарыялады.
Ошондой эле, Анкарада ИИМ министри Али Еркай билдирүү жасады. Айтымында, террористтер жок кылынган, алардын бири аял, бири эркек болгон.
Жардыруудан төрт адам каза таап, дагы 14 адам ар кандай жаракаттарды алганы айтылды.
КР ТИМ жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жоктугун билдирди.
Эске салсак, кечээ кечинде Анкарадагы учактарды чыгарган TUSAS заводунда жардыруу болгон.



