Окуялар

УКМК: “Керемет Банктын” жооптуу кызматкерлери менен Улуттук банктын кызматкерлери мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

«Керемет Банк» ААКтын жооптуу кызматкерлеринин, Улуттук банктын кызмат адамдарынын жана башка адамдардын ишмердигинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» ААКнын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча, ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз инвестиция салууда көрсөтүлгөн, ал эми бул банктын иши пайдасыз эмес болуп, андан мурда мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Ж.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button