Коом

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери атайын окуудан өттү

Коргоо министрлигинин тажрыйбалуу инструкторлору тарабынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине 3 күндүк окутуу өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндѳ кызматкерлер заманбап жарылуучу заттардан коргонуу каражаттарынын жаңы үлгүлөрү менен таанышып, жарылуучу заттарды (анын ичинде колго жасалган) издөөдѳ жана аныктоодо, аларды зыянсыздандырууда жеке коопсуздукту сактоо жѳндѳмдѳрүн ѳркүндѳтүүгѳ өзгөчө көңүл бурушту. Мындай окутуунун байма-бай ѳткѳрүлүп жатканы кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатып, кызматтык милдеттерин аткарууга чѳң ѳбѳлгѳ түзмѳкчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button