ВИДЕО: Ысык-Көл районунда мурда соттолгондор арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Мурда соттолгондор тарабынан кайра кылмыш фактыларын жасоого бөгөт коюу максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен аталган контингенттеги жарандар арасында алдын алуу иш чарасы өткөрүлдү.
Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө райондук милициянын каттоосунда турган мурда соттолгон, өзгөчө оор кылмыштары үчүн мыйзам жообуна тартылып, камактагы мөөнөтүн өтөп келген жарандар өтө кылдаттык менен текшерилип чыкты. Милиция кызматкерлери алардын турмушу жана жашоо шарттары менен таанышып, алар менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Төрт күндүк алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда жасалган 15 кылмыштын бети ачылып, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 4 кылмыш бети аныкталган. Ошондой эле, соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөн 3 кылмышкер изделип кармалган.



