Коом

«Тойго келдиңизби?» Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындады

«Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?» — деди депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып.

Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. «Түшүнбөдүм», — деди ал.

«Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?» — деди ал.

«Костюм бар, чечип койдум», — деди Гайыпов. 

«Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп… Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button