Коом
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун так маршруту белгилүү болду

6-июнда кол коюлган макулдашууда жол Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Анжиян маршруту боюнча салынары айтылат.
Долбоордун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн ишке ашыруу үчүн (жумуштун негизги бөлүгү) биргелешкен долбоордук компания түзүлөт. Анда үлүштөр төмөнкүдөй бөлүнөт:
▪️ Кытай темир жолу — 51%
▪️ «Кыргыз темир жолу» — 24,5%
▪️ «Узбекистон темир йуллари» — 24,5%
Тараптар жолдун Кыргызстанда салына турчу бөлүгү боюнча жоопкерчиликти Кытайга жүктөдү.



