Коом

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 2921 адамга жетти


Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 2921ге, жаракат алгандардын саны 15834кө жетти. Бул тууралуу Anadolu билдирди.

«Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921ге жетти, 15834 адам жаракат алды», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкө боюнча 12-февралга чейин улуттук аза күтүү жарыялады.

6-февралга караган түнү Түркиянын Ккахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Андан тышкары Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына да таасирин тийгизди. Ал жерде акыркы маалыматтар боюнча 711 адам каза болуп, 1431 адам жаракат алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button