Коом

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды

Кыргыз Республикасында Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат топтоого бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

BIK 135001

OKPO 30597768

Эсептин номери №1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн транзиттик эсеп (Түркия Республикасына жардам)» (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишеним телефону ачылды.

Маалымдама номерлери:

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 112 ишеним телефону;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаал борбору — (0312) 662292.

Белгилей кетсек, КР Президентинин Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button