Коом
Сауд Аравия тарабынан каржыланган Кыргызстандагы кайрымдуулук фонддордун ишмердүүлүгү талкууланды

Кечээ, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Сауд Аравия Королдугун Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырза менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы бекемдөө, диний чөйрөдө тажрыйба алмашуу жана Сауд Аравия тарабынан каржыланып жаткан Кыргызстандагы кайрымдуулук фонддордун ишмердүүлүгү тууралуу талкууланды.
Булак: Abal.kg



