Коом

Унааны дарактардын жанына токтотпоңуздар! Бишкек мэриясы жарандарга кайрылды

Бишкекте кар жаап, абанын температурасы төмөндөндөгөнүнө байланыштуу дарактардын бутактарынын салмагы оорлошот.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын алдын алуу жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.
«Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана мэриянын колл-борборуна: күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлерине кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүздөр», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button