Коом

Ооган согушунун ардагерлери менен мектеп окуучулары жолугушту

Ооган согушунун ардагерлери менен Чүйдөгү жетим балдар мектеп-интернатынын окуучуларынын катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу  жана күзөтүү депортаметинде Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Департаменттин командачылыгы, прапорщик наамынан полковникке чейинки жети ооган ардагери жана Чүйдөгү No101 И. Арабаев атындагы жетим балдар мектеп-интернатынын окуучулары, аталган мектептин директору, Бишкек мэриясынын өкүлү катышты.

Клубда алыскы согуштун катышуучулары менен жолугушуу болуп, ошол кезди эскеришти, андан кийин конокторго концерт тартууланды.  Ошондой эле коноктор аскер бөлүктүн аянтчасына ооган ардагерлери аллеясын ачып ага арча көчөттөрүн отургузушту.  Коноктор департаменттин музейи менен таанышып, жоокерлердин казармаларына барышып, аскер кызматкерлеринин турмушу менен тааныша алышты. Окуучулар жоокерлердин курал-жарактарынын, атайын техникаларынын үлгүлөрүн кызыгуу менен карап, спорттук эстафетага катышты.  Ошентип майрамдык иш чара жоокердин боткосунан даам татуу менен аяктады, — деп билдирди аталган мекеменин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button