Коом

“Түркия – бир жүрөк”. Дүйнө жүзүндөгү кайрымдуулуктан 6 млдр 100 млн 180 миң АКШ доллары чогулду

Учурда Түркияга дүйнө жүзүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да бир топ жакшы жардамдар болуп жатат. Кыргызстан түрк боордошторго кандай жардам бергени тууралуу маалымат:

1. 2023-жылдын 16-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 13:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 16:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 36 187 адамга жетип, 108 067 адам жарадар болду.

2. Учурда Түркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөнүн куткаруучулары (7098 куткаруучу) ишин улантууда. 15 өлкөнүн (4 236 адам) куткаруучу топтору Түркиядагы иштерин бүтүрүп, өз өлкөлөрүнө кайтып кетишти.

3. Кыргызстандын куткаруу топтору менен дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда. Жеринде куткаруу иштеринин жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.Мамбетов координациялоодо.

4. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун буйругу менен, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 160 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жер титирөөлөрдүн кесепетинен эң көп зыян тарткан Хатай шаарына көчүп жатышат.

5. 15-февраль күнү кечинде Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы жер титирөөдөн жабыркагандарга кайрымдуулук каражатын чогултуу максатында “Түркия – бир жүрөк” жалпы улуттук марафонун өткөрүштү. Кайрымдуулук үчүн чогулган жалпы сумма 115 миллиард 146 миллион лира же 6 млдр 100 млн 180 миң АКШ долларын түздү. Чогулган каражаттар AFAD менен Кызыл Жарым Ай коомунун эсебине которулат.

6. Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана ишин улантууда.

7. Кыргыз Республикасынан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан КР ӨКМнин 182 куткаруучусу, анын ичинен 12 фельдшер, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог жөнөтүлгөн.

8. Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды, анда Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип 10 күн нөөмөттө болушат. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.

9. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда кооптуу аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.

10. Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүүдө. 

11. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 2000ге жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты. 

12. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигини жана Башкы консулдуктарыны жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button