Коом

Эскертүү! Кийинки жуманын ишембиси иш күн болот

Кыргызстанда алдыдагы аптанын бейшембиси эс алуу, ал эми ишембиси иш күн болот.

Кыргызстандыктар 23-февраль (бейшемби) — Ата мекенди коргоо күнү болгондуктан эс алышат. Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу.

Мындай өзгөрүүлөр жаңы жылдан кийинки дем алыш 8-январга чейин созулганына байланыштуу болууда.

Эске салсак, министрлер кабинети буга чейин 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекиткен.

Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү күндөрү катары менен эс алышат:

18-марттан 21-мартка чейин;

5-майдан 9-майга чейин;

4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.

Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:

29-апрель дем алыш күндүн ордуна 20-март иш күнү болот;

13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;

11-ноябрдагы дем алыш 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button